21-апрелге караган түнү Орусия Украинанын Сумы шаарына сокку урду. 15 киши жараат алды, арасында 13, 15 жана 17 жаштагы кыздар бар.
Баары ооруканага жаткырылганын Телеграм каналында Сумы облустук администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди.
Жапа чеккендердин көбү улгайган адамдар.
Сумы шаардык аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Кривошеенко маалымдагандай, чабуулда көп кабаттуу үйлөр, инфраструктура объектилери жана автоунааларга зыян келтирилген.
"Полиция медициналык жайлардын биринин чатырына сокку тийген фактыны каттады", — деп билдирди Украинанын Улуттук полициясы.
Украинанын Аба күчтөрү 21-апрелге оогон түнү орусиялык армия эки баллистикалык "Искендер" ракетасы, 143 учкучсуз аппарат менен чабуул койгонун маалымдады. 116 дрон атып түшүрүлгөн.
Дагы караңыз
УКМК 100 миң доллар пара талап кылууга шектелген милиция кызматкерлери кармалганын кабарлады Кудрет Тайчабаров соттун чечими менен үй камагына чыкты