Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 21-апрелде маалымдагандай, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жана ыкчам кызматкери чет элдик банк эсептери аркылуу пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бөлүм башчы жана ыкчам кызматкер Орусия жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш ишинде жазасын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн рубль (100 миң АКШ доллары өлчөмүндө) талап кылышкан.
Коопсуздук кызматы шектүүлөр түз далилдерди болтурбоо максатында пара алуунун аралыктан ишке ашырылган схемасын иштеп чыгышканын кошумчалады.
"Кармалган жарандын үй-бүлөсү мүлкүн сатып тапкан акчасын Орусиядан бөлүп-бөлүп, башка адамдардын атына катталган "Сбербанк" карталарына которуп турушкан. Андан кийин нак акчага айландыруу жана Кыргызстанда мыйзамдаштыруу үчүн үчүнчү жак да тартылган. Бул ыкма кызмат адамдарына каржылык операцияларга өздөрүнүн тиешеси бар экенин жашырууга мүмкүндүк берген", - деп билдирди УКМК.
Кармалгандар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмышка башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
УКМК милиция кызматкерлерина коррупцияга, кызмат абалынан пайдаланууга жана башка кылмыштарга айыптап кармаган учурлар акыркы жылдары арбын катталууда.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин коррупцияга жана башка түрдүү кылмыштарга айыпталып, кармалышы боюнча 18-апрелде жергиликтүү маалымат каражаттарына комментарий берген. Мындай жагдайларда эң катаал чара көрүлөрүн, кызматы, алган наамы жана мурда жасаган иштери жоопкерчиликтен качууга негиз боло албай турганын айткан.
20-апрель күнү Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү 25 миң доллар пара талап кылганы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
17-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары менен Тергөө кызматынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган. (ZKo)
Шерине