Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Бишкек милициясында эки жетекчи кызматтан алынды, алардын аты-жөнү ачык айтылган жок

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция кызматкерлеринин катарында коррупциялык ишке аралашкандар боюнча 20-апрель күнү Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгында (ШИИБ) ыкчам кеңешме өткөрүлүп, жыйынтыгында 14 жетекчиге катуу сөгүш берилди, эки жетекчи кызматынан алынды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдап, кызматтан алынган жетекчилердин тек-жайын жана кызматын ачыктаган жок.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев ички иштер министри Улан Ниязбековдун милиция кызматкерлеринин түрдүү кылмыштарга шектелип кармалышы көбөйгөн учурлары боюнча жакында курган маегинин мазмунун жалпы курамга тааныштырды.

Министрдин ички иштер тармагында тартип орнотуу максатында ички көзөмөл күчөтүлөрү, укук бузууларды аныктоо механизмдери жана бардык деңгээлдеги жетекчилердин жеке жоопкерчилиги жогорулатыларын айтканын белгиледи.
Ошондой эле ар бир милиция кызматкери мыйзам бузууларга, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга, коррупцига жана милициянын аброюна доо кетирген аракеттерге жол берөөгө тийиш экени белгиленди. Кызматкерлер мыйзам талаптарын, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы так сактоого милдеттендирилди.

Мындан тышкары элдин милицияга ишенимин жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири экени айтылды.

ШИИБ башчысы милициянын катарын таза иштебеген кызматкерлерден тазалоо туруктуу улантылары, ошондой эле мыйзам бузган кызматкерлер тийиштүү жазасын алары эскертилди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча 18-апрелде жергиликтүү маалымат каражаттарына комментарий берип, мындай жагдайларда эң катаал жана принципиалдуу чара көрүлөрүн, кызматы, алган наамы жана мурда жасаган иштери жоопкерчиликтен качууга негиз боло албай турганын айткан.

20-апрель күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү 25 миң доллар пара талап кылганы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын кабарлады.

17-апрелде эле УКМК Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары менен Тергөө кызматынын тергөөчүсүн пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.

Өткөн аптада Бишкек шаарында шектүүнү кармоо учурундагы каршылык көрсөтпөй эле турган кишини жарандык кийимчен кызматкерлер башка-көзгө чаап, тээп кармаганы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Укук тартибин коргоо органынын кызматкерлеринин бул мамилеси коомчулукта сынга кабылып, чара көрүү талаптары жазылууда.

Ушундан кийин Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек шаарында шектүүнү кармоо учурунда күч колдонуп, уруп-сабаган милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси ("Бийликтен аша чабуу") боюнча кылмыш иши козголгонун 17-апрелде кабарлаган.(ZКo)


Шерине

XS
SM
MD
LG