Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунун жашоочусу үйүн бузууга келген сот аткаруучулардын көзүнчө өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Бишкектин тегерек-четиндеги конуштарда салынган үйлөрдү документтештирүү иштерине аралашкан активист Мирбек Осмонов Фейсбук баракчасына жазды.
Анын "Азаттыкка" ырасташынча, бүгүн, 21-апрелде сот аткаруучулар айыл чарба багытындагы жерлерге салынып калган деген төрт үйдүн жашоочуларын чыгарууга аракет кылышты.
Учурда окуя болгон жерге Тез жардам келип, өзүнө кол салган адамга жардам көрсөтүүдө.
Осмонов Ак-Ордо-3 конушунун №498 контурундагы төрт үйгө байланыштуу иш учурда административдик сотто каралып жатканын, ошол себептүү бузуу иштерин токтотуп турууну өтүнүшкөнүн билдирүүдө:
"Ак-Ордо-3 конушунун №498 контурунда 16 соток жерге кызыл китеп берилген. Бирок Сокулук райондук комиссиясына мурдагы айыл чарба багытындагы үлүш жер боюнча китепти көрсөтүү аркылуу кызыл китеп алган. Айыл чарба багытындагы үлүш жеринин өлчөмү туурасы 7 метр, узундугу 800 метрди түзөт. Ал эми кызыл китепте көрсөтүлгөн жердин өлчөмү 40×40 метр болуп жазылган. Демек, үлүш жердин ээсине туура эмес негизде кызыл китеп берилген. Мындан тышкары, архитектуранын маалыматы боюнча 2012-жылдагы участок номеринде көрсөтүлгөн беш үй чындыгында 2022-жылдан кийин курулган", - деп жазды Осмонов.
Азырынча сот аткаруучулар жана Бишкек мэриясы маалымат бере элек.
Бишкектин Ак-Ордо конушунун айрым тургундары былтыр октябрда мыйзамсыз курулган деген негизде турак жайларын бузууга эскертүү берилгенине даттанып чыгышкан. Ал тапта Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды бузууну убактылуу токтоткондугун жарыялаган. Буга чейин Чүй облусунда, Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген курулуштар бузулуп, нааразылык чыккан учурлар катталган. (КЕ)