Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, ошондой эле мамлекеттик үлүшү 50% ашкан компанияларга электроунаа инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн керектүү жабдыктарды жана тейлөөнү сатып алуунун жол-жоболорун жеңилдетти.
Премьер-министр Адылбек Касымалиев кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн жашыл экономикага өтүүсүн тездетүү жана электр кубаттоочу станциялардын кеңири тармагын түзүү боюнча чаралар көрүлдү.
Мындан тышкары 2022-жылы күчүнө кирген мамлекеттик компаниялар үчүн сатып алуулар эрежелерине киргизилген өзгөчө учурлардын тизмеси кеңейтилди. Эми электромобиль инфратүзүмүн куруу үчүн керектүү жабдууларды, жумуштарды жана кызматтарды түздөн-түз республикалык же жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле башка уруксат берилген булактардан сатып алууга мүмкүнчүлүк берилет.
Жаңы эрежелер документ расмий жарыялангандан кийин жети күндөн кийин күчүнө кирет.
Жакында Бишкектеги ишкерлер электромобиль кубаттоочу станцияларды курууга мүмкүнчүлүк берилбей, чектелип жатканына мэрияны айыптап, бул тармакта монополия кылгысы келет деп чыгышкан.
Алар өкмөттүн буга чейинки экологиялык абалды жакшыртуу максатында электромобилдерди өлкөгө алып келүүнү, кубаттоочу станцияларды куруу боюнча ишкердикти колдогон убадаларын эске салышкан.
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев алардын дооматына жооп кылып, электр транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү, кубаттоочу станцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо маселелерин мындан ары мэрия өзү колго алууну көздөп жатканын билдирген.
Буга чейин Энергетика министрлиги электромобилдерди кубаттоочу станция чыгарган кытайлык компаниялар менен кызматташары тууралуу социалдык баракчаларына жарыялаган.
Кыргызстанга акыркы жылдары Кытайдан электроунаа көп ташылып келүүдө. Учурда өлкө аймагы боюнча жалпы 15 миңден ашык электромобил катталган. Ал эми электромобилдерди кубаттоочу станциялардан Бишкекте эле 500гө жакын бар.(ZKo)
Шерине