Иран парламентинин төрагасы согушта Тегеран "жаңы карталарын" чыгарарын айтты

Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Бакер Калибаф.

Иран АКШ жана Израил менен болгон тиреште «жаңы карталарын» көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Мохаммад Бакер Калибаф айтты.

Ал Иран парламентинин төрагасы гана эмес, тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү башкы өкүлдөрдүн бири.

Анын айтымында, өлкө акыркы апталарда жаңы кадамдарга даярданды.

Калибаф X платформасында 20-апрелде жазган билдирүүсүндө АКШ президенти Дональд Трампды сынга алды.

Ал Трампты «блокада киргизип, ок атышууну токтотуу келишимин бузду» деп айыптады.

«Биз коркутуулар астында сүйлөшүүгө макул эмеспиз. Акыркы эки жуманын ичинде биз согуш талаасында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүгө даярдык көрдүк», — деп жазды Калибаф.

20-апрелде Трамп вице-президент Жей Ди Вэнс башында турган делегация Пакистан баш калаасына Иран менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуу үчүн жөнөп кеткенин билдирди. Иран дагы дале бул сүйлөшүүлөргө катышар-катышпасын ырастай элек.

Axios басылмасы өз булактарына таянып, Ирандын жогорку руханий лидери макул болгонун жазды.

Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга чабуул баштап, Тегеран ага жооп кайтарып Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк рыноктогу мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул мунайдын кымбатташын шарттады.

Тегеран 17-апрелде элдешүү маалында коммерциялык танкерлер үчүн Ормуз ачылганын маалымдап, кийинки күнү Ирандын портторун АКШнын курчоого алуусу уланып жаткандыктан кысыкта аскердик көзөмөл калыбына келтирилгенин айткан.

Дагы караңыз

Казакстанда төрт атомдук электр станциясын куруу пландалуудаАк-Ордонун тургуну үйүн бузууга келген сот аткаруучулар алдында өз өмүрүнө кол салдыФБР башчысы Пател The Atlantic басылмасын сотко бердиМамлекеттик ишканаларга электр транспорт жабдууларын сатып келүү жоболору жөнөкөйлөтүлдү