ЖК депутаты мамлекетке өткөн объектилер боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Улан Жаанбаев, ЖК депутаты

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Жаанбаев мамлекетке өткөн объектилер боюнча комиссия түзүүнү бүгүн, 21-апрелде парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында сунуштады. Ал кийинки жылдары мамлекетке алынган объектилер боюнча элде суроо көп экенин, ушул багытта комиссия түзүү зарыл экенин белгиледи.

Комитет "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова мыйзам долбоору атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана бузуу тобокелдигинин алдын алуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Депутат мамлекеттик мүлк фондунан сатып алып, кийин "УКМК кеңсесинен башы чыкпай" калганын акционерлер бар экенин белгиледи.

"2000-жылы акционерлер Жалал-Абаддагы бир заводду ак ниеттүүлүк менен эле сатып алышкан. Бирок 2-3 жыл мурда туура эмес сатып алгансыңар деп УКМКнын кеңсесинен башы чыкпай калды. Азыр силер саткан, мүлктү алгандардын объектисин силер коргой аласыңарбы, мен мамлекеттен сатып алдым деп коркпой айтыш үчүн? Сиздер аны мыйзамдын негизинде коргоп беришиңиздер керек. Азыр көзгө көрүнгөн, жакшы жерлерди сатып, пайдасы болбогон жерлерди сата албай жатасыздар. Себеби ишкерлер дейбизби, сатып алуучулардын сиздерге болгон ишеничи төмөн. Сиздерден сатып алган мүлктү кандай учур болбосун, 10-20 жыл болгондо дагы коргоп беришиңиздер керек мыйзамдын чегинде... Кримтөбөлдүн 2 млрд долларлык объектисин алдыңар эле, ошол эмне болду деген суроо туулуп жатат, ошолор сиздерге мүлк фондуна өтөт да. Ошондуктан бул багытта мыйзам менен келишиңиздер керек", - деди эл өкүлү.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү айрыкча ата мекендик компаниялардын укуктарын коргоону күчөтүү, "Яндекс", Wildberries, Temu сыяктуу маалыматтык жана соода платформаларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу керектигин белгилешти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын эске алуу менен экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Соңку бир жылда өлкө боюнча 72 социалдык объект мамлекетке кайтарылганын баш прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде парламенттин жалпы жыйынында билдирген.

Алардын ичинде бала бакча, билим берүү жана спорт, саламаттык сактоо тармагына тийиштүү имараттар, жер тилкелери бар. Мамлекетке кайтарылган мекемелердин жалпы суммасы 4 млрд 55 млн 41 миң сомду түзөт.

Асаналиев бул багытта иш жетиштүү жүрүп жатканын жана мындан ары дагы күчөтүлөрүн кошумчалаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Даун синдрому бар балдардын ата-энелери коомчулуктан жардам сурады Гросси Иран боюнча келишим МАГАТЭнин катышуусунда түзүлүшү керек экенин айттыКара-Сууда автоунаа жардан кулап, төрт киши каза тапты "Жалал-Абад" эл аралык финансы борборун түзүү мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок