Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу “Ормуз кысыгынан жашыруун чыгууга” аракеттенген “мыйзам бузган эки кеме” кармалганын билдирди.
Корпустун аскер күчтөрү шаршембиде маалымдагандай, кеп Израилге таандык MSC Francesca жана Epaminodes кемелери тууралуу жүрүүдө.
Алар “уруксат албастан” чыгып баратканы, буга чейин да эреже бузганы, навигациялык системанын ишине кийлигишүү жана деңиз кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратканы үчүн айыпталууда.
Кемелер ташып бараткан жүктү жана документтерин текшерүү үчүн Ирандын аймагына жөнөтүлгөнү кабарланды.
Ушул эле күнү Ирандын мамлекеттик медиасы куралдуу күчтөр өлкөнүн жээгинде жүк ташыган үч кеме чабуулга кабылып, керектен чыгарылганын билдиришкен.
Сакчылар корпусу АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралда Ормуз кысыгын кемелер менен мунай танкерлери үчүн жаап салган. Ок атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин, 17-апрелде ачып, көп өтпөй кайра жапкан. Анын алдында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаганда америкалык аскерлер ирандык портторду бөгөттөгөн.
Өткөн жекшембиде АКШ Ирандын желеги астында сүзгөн жүк ташуучу Touska кемеси кармалганын билдирген.