Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:55

Орус армиясы Запорожье жана Одесса облустарына сокку урду, киши өмүрү кыйылды

Одесса порту. 2026-жылдын 22-апрели.
Одесса порту. 2026-жылдын 22-апрели.

Орусиянын армиясы Украинанын Запорожье районундагы темир жолуна сокку уруп, бир адам каза болду. Дагы бирөө жараат алганын аймактык администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди.

Вице-премьер-министр Алексей Кулебанын маалыматына караганда, сокку Запорожье-Левое станциясынын паркына тийген. "Укрзалізниці" башкармалыгынын башчысы ички иликтөө дагы жүрүп жатканын кабарлады.

Мындан сырткары облустун Новониколаев аймагындагы аткылоо учурунда жети киши жарадар болгону, жеке турак жай, Маданият үйүнүн жана айылдык кеңештин имараты, дүкөн зыян тартканы маалымдалды.

Орус армиясы мындан сырткары Одессанын инфратүзүмүн аткылаганын облустук Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жабыркагандар жок, порттогу өрт өчүрүлдү. Кийинчерээк Кулеба кампа имараттары, темир жол инфратүзүмү, порт операторлорунун объектилери жарым-жартылай зыян тартканын билдирди.

Днепрде бир нече турак жай, жарандык автомобилге дрон тийгенин аймактык администрация башчысы Александр Ганжа кабарлады. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү тараткан маалыматка ылайык, өлкө боюнча 215 учкучсуз учак учурулган, алардын 189у атып түшүрүлгөн.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар жарандык инфратүзүмгө жана жайкын тургандарга жасалган соккуларды аскер кылмышы катары айыпташууда. Орусия муну четке кагып, аскер объектилерине гана чабуул жасалганын айтып келет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG