Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:52

Депутат Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылганын билдирди

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Дубайга сойкулукка тартылып, кийин өз өмүрүнө кол салганы айтылган 13 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлгө алууну бийлик өкүлдөрүнөн суранды.

Эл өкүлү бул тууралуу өспүрүмдүн апасы кайрылганын жана ишти Каракол шаардык милициясы тергеп жатканын айтты.

Сурабалдиева кызды жакындары эле ушул жолго түрткөнүн апасынын айткандарына таянып билдирди.

"Акыркы убакта үрөй учурган, кейиштүү окуялар болуп жатат. Ушуну өкмөт өз көзөмөлүңүздөргө алып бериңиздер. Апасы абдан ыйлап, жаман болуп жатат", - деди депутат.

Азырынча милиция бул иш боюнча комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдө балдарга карата кылмыш саны өсүүдө. 2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү зордуктоо. Маалыматка ылайык, 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG