АКШ менен Ирандын Пакистандын ортомчулугу менен жетишилген атышпоо тууралуу келишиминин мөөнөтү аяктап калганда 21-апрелдин кечинде Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ирандын ич ара "бөлүнүп турган" жетекчилигине "бирдиктүү" тынчтык сунушун киргизүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн мөөнөттү бир тараптуу узартуу тууралуу жарыялады.
Бирок, ошол эле учурда, Ирандын портторун бөгөттөө улана берерин билдирди.
"Иран өкмөтүндөгү таң калыштуу эмес олуттуу бөлүнүүдөн улам жана фельдмаршал Асим Мунир менен Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шарифтин өтүнүчү боюнча бизден Иранга чабуулду алардын лидерлери жана өкүлдөрү бирдиктүү сунуш киргизгенге чейин токтотууну суранышты", - деп жазды Трамп 21-апрелде Truth Social социалдык түйүнүнө.
Трамп "алар сунушун бергенче жана сүйлөшүүлөр акыры аяктаганча атышууну токтотуу мөөнөтүн узартарын" кошумчалады. Бирок кайсы бир так датаны атаган жок.
Тегерандын мындан аркы кадамдары кандай болору да азырынча белгисиз.
Иран парламентинин спикери, сүйлөшүү боюнча ирандык делегациянын башчысы Мохаммад Калибафтын кеңешчиси Махди Мохаммади Трамптын сөзү чоң мааниге ээ эмес экенин социалдык тармактарга жазды.
Ал 21-апрелдин кечинде Иранга күтүүсүз кол салууга даярданууда деп АКШны айыптап, Тегеран АКШнын келишимди узартуу жөнүндөгү билдирүүсүнө көңүл бурбай, тескерисинче, өз кызыкчылыгын көздөй турганын белгиледи. Ал ошондой эле Ирандын портторун блокадалоону улантуу “бомбалоодон айырмаланбайт жана ага аскердик жооп кайтарылышы керек” деп билдирди.
Трамп 22-апрелде бүтүшү керек болгон мөөнөттү узарткысы келбей турганын, анткени Вашингтон Тегеран менен сүйлөшүүлөр уланабы же жокпу деп күтүп жатканын андан мурдараак айткан.
Кийинчерээк Ак үйдүн кызматкери вице-президент Жей Ди Вэнстин Пакистандын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы үчүн Исламабадга сапары пландалгандай 21-апрелде болбой турганын айткан. Жаңы дата каралып жатабы же жокпу, билдирген эмес.
Бөгөттөө уланууда
Трамп өзүнүн соңку билдирүүсүндө Ирандын портторун бөгөттөө уланарын, АКШнын деңиз флоту кеминде эки кемени камакка алууга жетишкенин кошумчалады.
Тегеран блокада жүрүп жаткан шартта сүйлөшүүлөрдү улантпай турганын айтууда, ал эми АКШ тынчтык келишимине кол коюлганга чейин өз аракетин токтотпой турганын билдирүүдө.
Эки өлкөнүн ортосундагы тынчтыкка жетишүү процессинде ортомчулук кылып жаткан Пакистан АКШны да, Иранды да атышууну токтотуу мөөнөтүн узартууга чакырды, бирок, көптөгөн маалыматтарга караганда, Тегеран өз мүмкүнчүлүктөрүн таразалап, блокада токтойбу, анын уранды байытуу укугун таануу шарты аткарылабы же жокпу, күтүп жатат.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи АКШ күчтөрү 20-апрелдин кечинде ирандык танкерди, ага чейинки күнү өзүнчө жүк ташуучу кемени басып алганын "деңиз каракчылыгы жана мамлекеттик терроризм" деп атап, бул аракеттер Вашингтондун олуттуу сүйлөшүүлөргө болгон милдеттенмесине байланыштуу суроо жаратарын айтты.
Иран Перс булуңуна өтүүнү көзөмөлдөгөн Ормуз кысыгына жолду бөгөттөп койгон, ал жерден өзүнүн кемелери жана Тегерандан транзитке укук алган кемелер гана өтө аларын билдирген.
«Ирандын жаңы карталары»
Иран парламентинин спикери, ошондой эле АКШ менен сүйлөшүүлөрдөгү негизги адамы Мохаммад Багер Калибаф 20-апрелде X социалдык түйүнүндөгү баракчасына Тегеран АКШ жана Израил менен болгон согушта "жаңы карталарын ачууга даяр" экенин жазып, Трампты "блокада кылууда, атышпоо режимин бузууда" деп айыптап, ал Ирандын "багынып берүүсүн" каалап, согуштун кайрадан тутанышын актоо аракетин көрүп жатканын белгилеген.
Трамп эгер Тегеран анын шарттарын кабыл албаса, согушту кайра баштап, Ирандын көпүрөлөр жана электр станциялары сыяктуу жарандык инфраструктурасына чабуул коерун эскерткен.
11-12-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында 28-февралда башталган согушту, АКШ менен Израилдин Ирандын бардык аймактарын бутага алган аба соккуларын толук токтотуу келишими жетишилбей калган. Тараптар убактылуу мунасага келгенин жарыялашкан.
Аймактагы чыңалуу абалы дале курч бойдон турат. Бөгөттөөнүн айынан Перс булуңунда жүк ташуучу кемелер топтолуп калды.
Кеме кыймылы дээрлик токтоп калганы менен айрым танкерлер Ормуз кысыгынан өтүп жатканы да кабарланууда.
Кемелердин кыймылына көз салып туруучу MarineTraffic платформасынын маалыматтары көрсөткөндөй, ээси белгисиз Ean Spir деп аталган кеме мурда Ирактын портуна токтогондон кийин 21-апрелде ошол аймак аркылуу өттү.
Маалыматтарга караганда, кимге таандык экени белгисиз дагы бир Lian Star кемеси да өтө алды.
Дүйнөлүк мунай жана газ ташууларынын болжол менен 20 пайызын тейлеген кысыктан, кеме агымына анализ жүргүзгөн талдоочулардын айтымында, адатта болжол менен транзиттик 140 кеме өтөт.
Шерине