Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Иран: Ок атышпоо мөөнөтү аяктоодо, сүйлөшүүлөрдүн тагдыры бүдөмүк

Пакистандын башкалаасы АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына даярданууда. 21-апрель, 2026-жыл
Пакистандын башкалаасы АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына даярданууда. 21-апрель, 2026-жыл

Тегеран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышарын расмий бышыктабаганы менен айрым медиа өлкөнүн делегациясы Исламабадга барарын жазды. Буга чейин ислам жумурияты АКШ Ормуз кысыгындагы блокаданы алмайынча, америкалык чабармандар менен жолугушуу болбойт деп айтып келген.

Бирок тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн уланып-уланбасы дагы деле бүдөмүк калууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө New York Post гезити менен маектешкенде вице-президент Жей Ди Вэнс баштаган делегация Пакистанга “кечинде” жетерин билдирген.

“Биз сүйлөшүү жүргүзмөкпүз... Ушу тапта эч ким оюн ойногон жок деп ойлойм. Алар (делегация) азыр баратат, Исламабад убактысы менен кечинде ошол жакта болушат”.

Трамп чабармандары учуп кеткенби же жокпу тактаган эмес. Исламабад менен АКШнын убакыт айырмасы тогуз саатты түзөт.

Көп узабай “Азаттыктын” булактары вице-президенттин учагы Вашингтондун четиндеги базада турганын билдирген.

Рейтер агенттиги аттарын атабаган расмий адамдарга шилтеме менен Вэнс сүйлөшүүлөргө аттанганын жазса, бир катар медиа каражаттары анын жолго чыгып жатканын маалымдашууда.

Axios басылмасы булактарына таянып жазгандай, “дүйшөмбүдө Ак үй күн бою Тегерандан алар Исламабадга өз делегациясын жөнөтөт деген ишарат күтүштү”.

Булактын пикиринде, катаал позицияны жактаган Ислам революциясынын сакчылар корпусу сүйлөшүүлөрдү создуктуруп келди. Алар адегенде АКШ Ормуз кысыгын бөгөттөнү токтотууга тийиш деп эсептешет.

Диалогду улантууга, Тегеранды сүйлөшүүлөр жараянына чыкпоого арачы түшкөн Пакистан, Египет жана Түркия үндөшүүдө.

Кандай болгон күндө да тараптар бири-бирине доомат артып келатышат.

Трамп ок атышпоо режимин бир күнгө созуп, 22-апрелде соңуна чыгарын, андан ары узартылбашы мүмкүн экенин эскерткенин Bloomberg кабарлады.

Truth Social социалдык тармагындагы постунда ал Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишим 2015-жылы жетишилгенден алда канча жакшырак болот деп билдирди:

“Маалымат каражаттары көп айткысы келбеген Венесуэладагыдай болуп биз Иранда керемет натыйжага келебиз. Ирандын жаңы жетекчилиги акылдуу болсо (Режим өзгөрсүн!), өлкөнүн келечеги кең болот, гүлдөп-өнүгөт!”

Эксперттердин баамында, Ормуз кысыгынын блокадасынан тышкары тараптардын бир катар маселелер боюнча мунасага тез келүүсү күмөн.

Ирандын жетекчилиги Трамп өлкөнүн капитуляциясын каалап жатканын сындашууда:

"Дональд Трамп блокада киргизүү жана ок атышпоо режимин бузуу менен бул сүйлөшүүлөр үстөлүн багынып берүү үстөлүнө айландыргысы келет же согушту жандандырууну актагысы келет. Биз коркутууга негизделген сүйлөшүүлөрдү кабыл албайбыз. Соңку эки жумадан бери колубуздагы жаңы көзүрлөрдү ачууга даярдандык", - деп билдирди Ирандын парламентинин спикери, Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө делегацияны баштап барган Мохаммад Бакер Галибаф.

Жекшембиде америкалык аскерлер Ирандын желеги астында сүзүп бараткан Touska жүк ташыган танкерин камакка алгандан кийин абал курчуду. АКШ аларды блокаданы буйтап өтүүгө аракеттенген, токтоо буйругуна баш ийбей койгон деп айыптаган.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи порттордун блокадасын ок атышпоо макулдашуусун, БУУнун хартиясын бузуу, “мыйзамсыз жана кылмыштуу” аракет деп сыпаттады.

Тегеран блокада уланып жаткан чакта, сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирген.

Трамп 20-апрелде “келишимге жетишилмейинче, порттор бөгөттөлө берерин” жазды.

11-апрелде тараптардын Исламабадда өткөн кездешүүсүндө Тегерандын атомдук программасы жана Ормуз кысыгындагы кыймылды жандандыруу өңдүү негизги маселелери боюнча мунаса жетишилбей, АКШ ирандык портторду бөгөттөөгө киришкен.

Иран муну “деңиз каракчылыгы” деп атады жана чечкиндүү жооп кайтарарын эскертти.

17-апрелде Тегеран дүйнөлүк кара май менен газдын 20 пайызы ташылган Ормуз кысыгын ачканын жарыялаган. Бирок Ирандын куралдуу күчтөрү бери дегенде 3 согуштук эмес кемеге ок ачкандан кийин кысыкты кайрадан жапкан.

Ал арада Пакистан башкалаасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, полиция буга чейинки кездешүү болгон “Серена” мейманканасын катуу кайтарууга алды.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG