Орусиянын Самара облусундагы Сызран шаарында дрон чабуулунан кийин турак үйдүн кире бериши, подъезди урап түштү.
"Украин армиясынын дрон чабуулунун жыйынтыгында Сызранда көп кабаттуу үйдүн подъезди урады. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат. Урандынын астынан төрт киши куткарылды, алардын бирөө бала", - деди губернатор Вячеслав Федорищев.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, жалпысынан 11 киши жараат алды, алардын экөө балдар.
Самара аэропортунда убактылуу чектөө киргизилди.
Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү 12 аймакта жана Кара деңиз акваториясынан 155 украин дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украина соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Мунун алдында украин маалымат каражаттары Самара облусунда "Самара" мунай станциясына сокку урулганын жазышкан.
Exilenova+ мониторинг каналы Сызранда дагы бир турак үй соккуга кабылганын билдирди.
Курск облусунда учкучсуз учак көп кабаттуу үйгө түшүп, 36 киши эвакуация болгонун губернатор Александр Хинштейн кабарлады.
Шерине