Израил-Ливан экинчи сүйлөшүүгө даярданууда
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Израил менен Ливандын элчилери 23-апрелде Вашингтондо экинчи сүйлөшүүнү өткөргөнү жатат. 17-апрелде ок атышуу 10 күнгө токтойт деп макулдашылганы менен изарилдин армиясы – ЦАХАЛ эки айылды аткылаганы маалым болгон. Кийин убактылуу жарашууга арачы түшкөн АКШнын президенти Дональд Трамп Израилге Ливанга сокку урууга тыюу салганын айткан. Өз кезегинде Ирандын колдоосуна таянган ливандык "Хезболла" согушкер тобу 21-апрелде Израилдин аймагына ракета жана дрондор менен чабуул койгону кабарланды.