Италия Соловьевдун премьер Мелониге акарат келтиргенине нааразылык билдирди

Владимир Соловьев

Италиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Римдеги элчиси Алексей Парамоновду чакырып, нааразылыгын билдирди. Буга Кремлдин пропагандачысы, теле алып баруучу Владимир Соловьевдун премьер-министр Жоржа Мелонинин дарегине айткан акараты себеп болду. Бул тууралуу Италиянын башкы дипломаты Антонио Тайани өз постунда жазды.

Жакында чыккан программасында Соловьев премьерди "өз шайлоочуларын сатып кеткен фашисттик акмак, адамзаттын уяты, айбан" деп атаган.

Мелони X тармагына пост жазып, алып баруучуга жооп кайтарды:

“Режимдин айныксыз пропагандачысы ырааттуулуктун, эркиндиктин сабагын бере албайт. Биз башкалардан айырмаланып, кол куурчактай болуп жип менен байланган эмепсиз, биздин кожоюндарыбыз жок, бизге эч ким буйрук бербейт”.

Италиянын президенти Сержо Матарелла өкмөт башчыга колдоосун билдирди жана Соловьевдун айткандарын айыптады.

ТАССтын маалыматы боюнча, элчи Парамонов белгилүү журналисттин менчик каналында айткандарына байланыштуу эмне себептен ТИМге чакырылганын түшүнбөй турганын айтты.

Буга чейин Соловьевдун сөздөрү үчүн Орусиянын Армениядагы элчиси чуулгандуу сөздөрү үчүн ал өлкөнүн тышкы саясий мекемесине чакырылган.

Дагы караңыз

Астана саммити: климаттык кызматташтык, суу коопсуздугу "Акчабызга сатып алганбыз". Ак-Ордодо төрт үйдүн жери талашка түштүӨзбекстанда шарп ылаңын жайылтпоо аракети көрүлүүдө