Өзбекстанда шарп ылаңынын жайылуу коркунучуна байланыштуу 18-апрелден 18-майга чейин "Мал чарбадагы санитардык-эпидемиологиялык гигиена" айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги жана фермерлер кеңеши билдиришти.
«Азыркы вакциналар шарп вирусунун жаңы түрүнөн толук коргобойт. Андыктан ылаңдын тарап кетүүсүн алдын алуу үчүн ар бир малчынын жана дыйкандын активдүү катышуусу жана жоопкерчилиги өтө маанилүү», - деп билдиришти министрликтен.
Үстүбүздөгү айдын башында Өзбекстандын социалдык тармактарында Фергана өрөөнүндө мал жапырт ылаңдаганы тууралуу маалымат тараган. Бирок ошондо Ветеринария башкармалыгы ал шарп эмес, малдын табынын жогорулашы менен коштолгон стоматит экенин билдирген.
Айыл чарба министрлиги шарптын белгилери байкалса, дароо ал жандыкты бөлүп коюу, ветеринарды чакыруу, өз алдынча дарылабоо кеңешин берди.
Бир ай мурун Борбор Азиядагы дыйкандар мал арасында белгисиз ылаң тууралуу айта баштаган. Ага чейин Орусияда да ылаңдан улам малды кырышкан.
Андан кийин Кытай Орусия жана Казакстан менен чек арага жакын жерде шарп катталганын билдирген.
Шерине