Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Мамдума депутаттары Кыргызстанда орусча аталыштар алмашып жатканын сындашты

Аталыштары кыргызчага өзгөртүлгөн айылдар. Иллюстрациялык сүрөттөр.
Аталыштары кыргызчага өзгөртүлгөн айылдар. Иллюстрациялык сүрөттөр.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстанда башка тилден кирген жер аталыштарын алмаштыруу демилгеси көтөрүлүп жатканын сынга алды.

Мамдума Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы "Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин кампусу боюнча келишимди ратификациялоо" мыйзамын карап жаткан учурда айрым депутаттар расмий Бишкек орусча аталыштардагы жер-суу аталыштарын, көчөлөрдү өзгөртүүнү көздөп жатканын айтып, сындашты. Депутат Сергей Матвеев Кыргызстанда буга чейин да орусча аталыштар өзгөртүлүп жатканын белгиледи.

"Өлкөнүн президенти Садыр Жапаров Ош облусундагы сапарында орусча аталыштагы жер аталыштары өзгөртүлөрүн, бул 2027-жылы аяктай турганын айтты. Буга чейин орусча, советтик аталыштарды алып жүргөн он беш айылдын аталышы алмаштырылган. Жаш Гвардия, Горький, Толстой, Гоголь, Фрунзе көчөлөрүнүн аталыштары өзгөртүлдү. Биз Кыргызстандагы орусча, советтик аталыштарды өчүрүп жатабыз жана Ельциндин атын түбөлүккө калтырууга көмөктөшүп жатабыз. Согуш маалында өлкө 15 млрд рубль бөлгөнү атат. Бул республикаларда гүлдөп жаткан русофобия жана антисоветизмден коргонуу үчүн башка параметрлер жокпу?" - деди ал.

Кыргызстанда жер-суунун аталыштарын кыргызчага алмаштыруу аракети Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан сынга алынган учурлар мурда да болгон. 2023-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызчага алмаштырууну сунуш кылган. Анын сөзүнө расмий Москва реакция жасап, Мамлекеттик Думанын депутаттары “Кыргызстанда орус тилин кодулоо болуп жатат” деген билдирүү менен чыкканда коомчулукта катуу талкуу болгон.

7-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен борбор калаадагы 18 көчөнүн аталышы алмашты.

-Бишкектин батыш жана чыгыш бөлүгүн түз байланыштырган узун көчө - Фрунзе (Новопавловка айылы), Ден Сяопин, Чүй жана Шабдан баатыр проспектилери башынан аягына чейин Чүй проспекти деп;
- Лев Толстой жана Путеводная деген аталыштардан турган көчө - Шабдан баатыр;
- 7-апрель/Курманжан датка көчөсү - Курманжан датка;
- Түштүк магистрал (Аалы Токомбаев, Абсамат Масалиев, Жайыл баатыр көчөлөрү) - Аалы Токомбаев проспекти;
- Чыңгыз Айтматов/Манас чоң көчөсү - Чыңгыз Айтматов проспекти;
- Фучик/Васильев тракты - Манас көчөсү;
- Жибек Жолу/Победа проспекти - Жибек Жолу;
- Жаш Гвардия/Махатма Ганди - Айдарбеков көчөсү;
- Кривоносов/Чортеков деген аталыштардагы көчө Масалиев көчөсү;
- Горький/Анкара - Анкара;
- Абдрахманов/Байтик баатыр/Элебесов - Абдрахманов;
- Селекционный/Муромский - Махатма Ганди;
- Иманкулов/Тыналиев - Тыналиев;
- Береговой/Окраинный/Көк-Сай/Курманалиев/Набережный — Дэн Сяопин;
- Раззакова (Новопавловка)/Темирова - Чортеков;
- Виноградный - Толстой;
- Гоголь (Новопавловка) - Иманкулов;
- Ленск/Юбилейный - Жайыл баатыр көчөсү деп өзгөртүлдү.

Шаардык кеңештин чечиминен кийин, бул аталыштар бекитилип, аларды өзгөртүүгө 20 жылга мораторий салынары кабарланды.

13-апрелде президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен жолукканда өлкөдөгү айыл аталыштары толук кыргызчаланарын айткан. Андан соң "Ынтымак Ордо" Жапаров аталыштарды өзгөртүүдө адам ысымдары гана берилбей турганын билдиргенин тактаган.

Кыргызстанда оторчулук доордон, андан кийин советтик мезгилден калган коммунисттик пропаганда, идеологиялык мааниси бар шаар, айылдардын аталыштарын өзгөртүү демилгеси узак жылдан бери аягына чыга элек. (ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG