Бишкекте чет өлкөлүк жаранды өлтүрүүгө шектелип төрт киши кармалды. Алар Аламүдүн районундагы Арчалы айылында, сөөгү талаага көмүлгөн адамдын өлүмүнө шек саналууда.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) маалымдагандай, 20-апрелде саат 19:30 чамасында Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айылынын капчыгайынан чет өлкөлүк Ж.Ч. аттуу жарандын зомбулук издери калган сөөгү табылган. Аталган факт боюнча Бишкек милициясынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козгогон.
Бул кылмышка шектүү катары Р.Ж., Ф.Ж., О.Ч. жана А.Т. аттуу жарандар (бири аял) кармалган.
22-апрель күнү кармалгандар сот чечими менен эки айга камалышты жана №1 тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.
Милиция маркум кайсы өлкөнүн жараны экенин ачыктаган жок. (ZKo)
Шерине