Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

Министр Ибраев Өзбекстан, Тажикстан менен чогуу энергетикалык долбоор ишке кирерин айтты

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда орнотулган электр мамылары. (архив)
CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда орнотулган электр мамылары. (архив)

Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен чогуу энергетикалык долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Биринчи радиого курган маегинде билдирди.

Бул үчүн, анын айтымында, Дүйнөлүк банк 40 млн доллар берет, кайтаруу мөөнөтү 40 жыл. Долбоор алкагында Борбор Азия аймагына аба чубалгылары курулат, подстанциялар жаңыланат.

Кыргызстанда Жалал-Абад облусундагы Өзбекстан менен чектеш аймактардан эки подстанция толугу менен жаңыланат.

"Биз азыр Түркмөнстандан электр энергиясын алып жатсак, кийинчерээк бул долбоордун алкагында биз аларга сата баштайбыз. Биз электр энергиясын экспорттоочу өлкө болобуз", - деди Ибраев.

Министр ошондой эле аймактагы ортолук CASA-1000 долбоору да аягына чыгып калганын кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, долбоордун Ооганстандагы курулуштары гана калган.

Кыргызстандын сырттан алган карыздарынын белгилүү бир бөлүгү энергетика тармагына алынганы айтылган. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, энергетика тармагына насыя алуу үчүн түзүлгөн бардык келишимдердин аткарылышын текшерген депутаттык комиссия түзүү сунушталган. Депутаттар макулдашуулар туура аткарылбаганы үчүн тармакта коррупция жана кризис күч алганын белгилешкен.

2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Бул чектөө 1-апрелден бери токтотулду.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 миллиард кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан сатып алат. (ZКo)




Шерине

XS
SM
MD
LG