Кыргызстанга таандык жеңил автоунаалардын Кытайдын аймагына кирүүсү жана Кыргызстандын аймагында кытайлык таксилердин ишмердүүлүгү эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.
Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы учкай кабарлады, бирок андан башка маалымат берилген жок.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде министрликте Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Кытайдын транспорт министринин орун басары Ли Ян жана автотранспорт делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын Кытай-Орусия-Монголия өкмөттөр аралык "Азия унаа жолдору" эл аралык транспорт макулдашуусуна кошулуу мүмкүнчүлүгүн да карашты.
Мындан тышкары кыргызстандык жүк ташуучуларга Кытайдын аймагында габаритсиз жүк ташууга уруксат берүү маселеси талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар транспорт жана логистика тармагында кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана эл аралык унаа ташууларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Кыргызстандын тышкы соодасында Кытай эң башкы өнөктөш – дүйнө менен жалпы соода алакасынын 35% ээлейт. Бээжиндин эсебинде 2024-жылы Кытай–Кыргызстан соодасынын көлөмү 22,7 млрд доллар болгон. Кыргыз статистикасы бул санды 5,6 млрд доллар деп көрсөтөт. Анын 98% Кытайдан келген импорт болуп эсептелет.
Товар ташууда буга чейин Торугарт жана Эркечтам жолдору колдонулуп келген болсо, былтыр Бедел ашуусунда өткөрмө пункту ачылып, анын негизинде дагы бир бажы бекетин курууга Кытай бийлиги 41 млн доллар гранттык каражат бермей болгону кабарланган.(ZKo)