Миграция: Ата-энеси жакындарына калтырып кеткен балдар 84 миңге жетти

Иллюстрация

Кыргызстанда мигранттардын жакындарынын колунда калган балдары 84 миңди түзгөнүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде парламенттеги “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

“Алардын ичинен дээрлик 82% ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен. Калганы ички мигранттардын балдары. Министрлик бардык балдарды өз учурунда көзөмөлгө алган”, - деди Байгончоков.

Анын айтымында, министрлик оор кырдаалдагы балдардын ден соолугун чыңдоого жайкы эс алуу уюштуруп келет жана бул үчүн 15 миллион сом бөлүнөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылы октябрда туугандарынын колунда тарбияланып жаткан мигранттардын балдары 72 миңге жеткенин билдирген.

Былтыр январда президент Садыр Жапаров балдар менен иш алып барган социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүү боюнча жарлык чыгарып, 550 штаттык бирдик кошулган. Алар турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен иштей турган болгон.

Укук коргоочулар түрдүү зомбулукка кабылган балдардын көбү ата-энеси миграцияда жүргөндөр экенин айтып келишет.

Дагы караңыз

Ливан менен Израил атышууну дагы үч аптага токтоткону жарыяландыӨкмөт электрондук тамеки импортун тыюу мөөнөтүн узартууну сунуштадыТрамп Ормуз кысыгына мина койгон бардык кемелер аткыланарын эскерттиМосквада Садыр Жапаров Путин менен жолугушту