АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Американын Аскердик-деңиз күчтөрүнө Ормуз кысыгына мина койгон бардык кемелерге ок атуу буйругун бергенин жазды.
"Мен АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнө Ормуз кысыгында мина орнотом деген кемелерди жок кылууну жана ок атууну буйрудум", - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына. Ал өзүнүн бул буйругу чакан кемелерге да тиешелүү экенин кошумчалады.
Трамп ошондой эле кысыкты минадан тазалоо аракеттерин күчөтүүнү тапшырганын жазды.
"Биз учурда кысыкты тазалап жатабыз. Мен бул иштин уланышын, бирок үч эсе ыкчам жүргүзүүнү буйрудум", - деп белгиледи Трамп.
АКШ президенти 21-апрелде – Иран менен түзүлгөн атышууну токтотуу режими аякташына бир сутка калганда Пакистан бийлигинин өтүнүчү менен келишимдин мөөнөтүн узартканын жарыялаган. Трамп "тынчтык режиминин" жаңы мөөнөтүн атаган жок, бирок АКШ Иран бийлиги Исламабад ортомчулук кылып жаткан сүйлөшүүлөрдө бирдиктүү позициясын иштеп чыкканга чейин күтө турганын белгиледи. Трамптын пикиринде, учурда Ирандын жетекчилигинде ажырым байкалууда. Ошол эле учурда Трамп Кошмо Штаттар Ирандын портторун блокадага алууну уланта турганын кошумчалады.
Ушул аптанын башында Исламабадда АКШ менен Ирандын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы жүрөрү күтүлүп, бирок болбой калды. Сүйлөшүүлөр эми качан өтөрү тууралуу азырынча маалымат жок.
Иран делегациясынын башчысы, өлкө парламентинин спикери Мохаммад Калибафтын өкүлү Мехди Мохаммади шейшембиде кечинде АКШны Иранга күтүүсүздөн сокку урууну даярдап жатат деп айыптады. Ал ошондой эле Тегеран АКШнын атышууну токтотууну узартуу тууралуу билдирүүлөрүнө көңүл бурбай турганын жана өз кызыкчылыктарына таянып иш кыларын белгиледи.
Шерине