Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Кремлдин өкүлү Москвада Путин менен Садыр Жапаров жолугарын билдирди

Путин жана Жапаров. 2025-жыл, ноябрь. Бишкектеги жолугушууда тартылган сүрөт
Путин жана Жапаров. 2025-жыл, ноябрь. Бишкектеги жолугушууда тартылган сүрөт

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушарын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

Песков Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада кыска мөөнөттүк иш сапар менен болорун айткан.

"Бүгүн орус-кыргыз мамилеси үчүн маанилүү күн. Түштөн кийин Орусия менен Кыргызстандын президенттери жолугушат. Президент Жапаров Москвада кыска иш сапары менен болот. Лидерлер өзүнчө аңгемелешип, аны түшкү тамакта улантышат. Мамлекет башчылардын ушундай толук форматтуу, узак баарлашуусун күтүп жатабыз", - деген Песков.

Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары, орус лидери Владимир Путин менен жолугушуусу тууралуу "Ынтымак Ордо" маалымат бере элек.

Президент Садыр Жапаров 22-апрелде Астанага барып, Аймактык экологиялык саммитке катышып, сөз сүйлөгөн.

Кыргызстан менен Орусиянын президенттери 2025-жылы ноябрда Бишкекте, орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде жолугушкан. Тараптар "Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө" биргелешкен билдирүү менен кошо жалпы сегиз документке кол коюшкан.

Путиндин сапарында кол коюлган Бишкектеги "Кыргыз-Орус Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө" макулдашууну Орусиянын Мамлекеттик думасы 22-апрелде ратификациялаган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG