Орусиянын Новокуйбышев шаарында өнөр жай ишканасына дрон соккусунда бир киши каза тапты, жараат алгандар да бар экенин Самара облусунун башчысы Вячеслав Федорищев билдирди. Ал кайсы ишкана бутага алынганын тактаган жок.
Буга чейин украиналык дрон Новокуйбышев мунай заводуна бир нече жолу сокку урган.
Нижний Новгороддогу Кстово районундагы мунай заводу да кайра чабуулга кабылып, жарылуулар болгону кабарланды.
Дрондор аннексияланган Крымга да чабуул койгону айтылды. "Крымский ветер" жана Exilenova+ Телеграм каналдары Феодосиядагы мунай заводуна сокку урулганын жазып жатышат.
Орусиянын түштүгүндөгү Туапсе шаарында болсо учкучсуз учактардын чабуулунан кийин мунайды кайра иштетүүчү завол менен "Роснефтинин" деңиз терминалы өрттөнгөн.
Өрттүн түтүнү 300 километр аралыкка жеткенин спутниктен тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундар Туапседе май аралашкан жамгыр жааганын жазышты.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.
Шерине