Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги "Авиациялык эрежелерди бекитүү - Учуу эрежеси" деп аталган буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда аба каттамдарын ишке ашырууну эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана буга чейинки жүргүзүлгөн эл аралык аудиттер аныктаган мүчүлүштүктөрдү жоюу каралган.
Документ учуулардын коопсуздугуна жана натыйжалуу мамлекеттик көзөмөлгө артыкчылык берилген нормативдик базага багытталып, эрежелерди учурдагы эл аралык стандарттарга жана "Учуу эрежелерине" ылайыкташтырууну сунуштайт.
Долбоордун негиздемесинде айтылгандай, Жарандык авиация эл аралык уюму (ИКАО) Чикаго конвенциясынын мүчөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да милдеттүү стандарттарды, сунушталган тажрыйбаны жана жол-жоболорду тынымсыз жаңыртып турат. Ушундан улам жаңы версияны иштеп чыгуудагы негизги факторлордун бири - кара тизмеден чыгуу үчүн коюлган талаптарын аткаруу зарылдыгы белгиленген.
Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Кыргызстандын авиациясы 2026-жылдын май айында “кара тизмеден” чыгарылат деп күтүлүп жатканын айткан.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2023-2024-жылдары ИКАОнун аудитинен ийгиликтүү өткөн. Президент Садыр Жапаров да өлкөнү Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгаруу иши аяктап калганын билдирген.
Кыргызстандык авиакомпаниялар “эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен маселе оң жагына чечиле элек.
Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары Бишкектен Лондон, Бирмингем, Франкфурт, Мүнхен, Ганновер, Гамбург, Штутгарт жана Амстердам шаарларына түз учуп турган. Азыр адамдар Европа өлкөлөрүнө көбүн эсе Түркия аркылуу учат.(ZKo)
Шерине