"Музыкалык" деген макамды коргоп чыккан студенттер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык -педагогикалык институттун студенттери эки күн мурда милицияга жеткирилген. Буга алардын окуу жайдын аталышындагы “музыкалык” деген сөздү калтыруу талабы себеп болгон. Жамааттын ичинде нааразылар окуу жайды мурдагыдай эле коллеж бойдон калтыруу керектигин айтышууда. Институт жетекчилиги жаңы өзгөрүүлөр талапка ылайык гана жүрүп жатканын билдирди.