Орусия менен Украина туткун айырбаштады

Орусиядан туткундан бошотулган украин аскерлери жакындары менен көрүшүп жатышат. Архивдеги сүрөт.

Орусия менен Украина согуш туткундарын алмашты. Ар бир тарап 193 адамдан өткөрүп берди. Бул тууралуу 24-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги жана Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиришти.

Алмашуу Бириккен Араб Эмираттарынын жана АКШнын ортомчулугу менен өттү. Кремлдин маалыматына ылайык, алмашуу Беларус аймагында жүргүзүлдү. Бошотулган орус аскерлери учурда ошол жакта.

Зеленскийдин айтымында, бошотулган украиндердин арасында аскер кызматкерлери, Улуттук гвардиянын жоокерлери, чек арачылар жана полиция кызматкерлери бар. Алардын айрымдары жараат алган, кээ бирлерине Орусияда кылмыш иши да козголгон.

Маалым болгондой, расмий тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрбөсө да туткундарды жана каза болгондордун сөөгүн айырбаштоо боюнча байланыштар тараптардын ортосунда уланууда.

Буга чейинки туткун айырбаштоо 11-апрелде болгон. Жалпысынан согуш башталгандан бери тараптар 20дан көп жолу туткундарды алмашты.

Дагы караңыз

Кыргызстанда чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору түзүлдүАлайдагы ата-энелер менен мугалимдер жаңжалы боюнча маалымат берилдиЛиван менен Израил атышууну дагы үч аптага токтоткону жарыяланды