Соттолгон 11 жарандын жакындары өкүмгө нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

11 жаранды Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бийликти басып алуу” беренеси боюнча актап, башка беренелер менен жаза чегерди. Алардын алтоо 7 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылып, калгандарына үч жылдык пробациялык жаза берди. Былтыр февралда ИИМ бул жарандарды Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси “Зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштурууга” шектүу деп кармаган. Алар “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” деп аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү экени маалым болгон. Айыпка жыгылгандардын адвокаттары жана жакындары алардын күнөөсү далилденбегенин айтышат.