Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берди.
Казакстандык блогерге берген интервьюсунда эл өкүлү Ташиевдин кетишин «мамлекеттик төңкөрүш даярдоо» аракети менен байланыштырды. Ташиев эмнеге кызматтан кетти деген суроого жооп берип жатып ал:
«Мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан, президентти кызматтан алабыз деп», - деп айтып, бул анын кызматтан алынышынын негизги себеби болгонун белгиледи.
Муну депутат «парламенттин 90 депутаты билерин жана бул көп убакыт даярдалган аракет болгонун» кошумчалады.
Сурабалдиева Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМКнын мурдагы кызматкерлерине байланыштуу арыз-даттануу көбөйгөнүн белгиледи.
Өткөн аптада Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Жогорку Кеңештин экс-спикери, саясатчы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы соңку айлардагы окуяларды “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” аракети деп сыпаттап, пост жазган.
Кийин Текебаев өзүнүн постун комментарийлеп, анда “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” дегени коомчулукта туура эмес кабылданганын айтып чыккан.
Текебаев постунда кайсы бир саясий окуяга же конкреттүү адамдарга укуктук баа берилбегенин, айып тагылбаганын кошумчалаган.
Президент Садыр Жапаров 10-февралдагы жарлыгы менен Камчыбек Ташиевди 2020-жылдан бери аркалап келе жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алган. Ташиев мындай чечимди Германияда дарыланып жүргөн учурунда укканын жана "күтүүсүз болгонун" билдирген.
Парламентке 75 кишинин каты деп түшкөн кайрылууга кол койгон жана аны уюштурган деген негиз менен беш адам кармалып, камакка алынган. Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты мандатын тапшырган.
Камчыбек Ташиев өзү 20-мартта Бишкекте Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жана негизсиз маалыматтар тарап жатканын айткан. Андан бери ага жана үй-бүлөсүнө байланыштуу тарап жаткан ар кандай маалыматтар, 75 кишинин каты тууралуу үн ката элек. (КЕ)