Сирия бийлиги Орусия колдонуп келген Хмеймим авиабазасын машыгуу жана гуманитардык жайга айландырууну көздөп жатат. Бул тууралуу “Коммерсант” басылмасы сириялык булактарга таянып жазды.
Балсылманын маектештери объектти Орусия менен Сирия биргелешип башкарышы мүмкүн экенин, бирок борбор аскердик эмес максаттар үчүн пайдаланыла турганын айтты.
Маалыматта айтылгандай, база алгачкы аскердик даярдыгы жок сириялык аскерлердин машыгуу полигонуна айланат.
Дамаск ошондой эле окутуу программаларына орусиялык инструкторлорду тартууга үмүттөнөрү да маалымдалды.
Бийлик алмашып, мурдагы президент Башар Асаддын режими кулагандан кийин Москванын Сириянын жаңы бийлиги менен кызматташтыгы күмөн жараткан. Сириянын де-факто лидери Ахмед аш-Шараа мурдараак Орусия менен келишимдерди аткарууга даяр экенин билдирген.
Орусия Сириядагы турумдарын сактап, Латакия провинциясындагы Хмеймим базасын жана Тартустагы материалдык-техникалык камсыздоо флотун көзөмөлдөйт.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буга чейин Сирия бийлиги Орусиянын катышуусун сактап калууга кызыкдар экенин, бирок гуманитардык функцияларга басым жасаларын айткан.
Шерине