The New York Times басылмасында 23-апрелде жарык көргөн макалада жазылгандай, Ирандын лидери Можтаба Хаменеинин абалы оор. Ал 28-февралдагы аба чабуулунан оор жараат алган. Израил менен АКШнын биргелешкен соккусунан атасы Али Хаменеи жана жубайы жан таслим болгон.
Макаладагы маалыматка караганда, Можтаба Хаменеиге жасалма бут коюп, бетине пластикалык операция жасоо зарыл болуп турат.
Басылма төрт булакка таянып билдиргендей, ал чечим кабыл алууга жөндөмдүү болгону менен бети абдан катуу күйүп калган. Андан тышкары колуна операция жасалган.
Маалыматта айтылгандай, согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Хаменеи ирандык генералдар менен чектелген гана байланышта болгон.
Бул АКШнын буга чейинки «ал жарадар болгон жана, балким, жүзү өзгөрүп кеткен» деген билдирүүлөрүн тастыктайт.
«Можтаба азырынча толук башкарууну жана көзөмөлдү колуна ала элек», — деген Chatham House уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын директору Санам Вакил.
Макалада белгиленгендей, күнүмдүк башкаруу акыркы убакта жогорку кызматтагы аткаминерлерге жана Ислам революциясынын сакчылар корпусуна өтүп, Хаменеи коомчулукка көп көрүнбөй калды.
Шерине