Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Президенттик администрация Илан Шор Кыргызстанда деген маалыматты төгүндөдү

Илан Шор
Илан Шор

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Молдовада 15 жылга соттолгон, коррупциялык иштерде аты аталган Илан Шор Кыргызстанда жашап жатканы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал 24-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Бир катар маалымат булактарда Илан Шордун Кыргызстанда жашап жатканы, ошондой эле анын өлкөдө бизнес кызыкчылыктары бар экендиги тууралуу маалымат тарап жатат. Андай маалыматтар чындыкка дал келбейт. Илан Шор Кыргыз Республикасынын аймагында жашабайт жана эч кандай саясий же ишкердик ишмердүүлүк жүргүзбөйт”, - деп жазды Орунбеков.

Ал Фейсбуктагы постуна Mnews баракчасы жарыялаган жаңылыктын сүрөтүн тиркеген. Анда Илан Шор "Евробиримдиктин санкциясында калганы жана Кыргызстанда жашап жатканы" жазылган.

“Азаттыктын” былтыр июлда жарыяланган журналисттик иликтөөсүндө Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 токенин же стейблкоинди сатыкка чыгарганы аныкталган.

Илан Шор Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумуш тобунун курамына да кирген.

Президент Садыр Жапаров былтыр августта “Кабар” агенттигине курган маегинде “Илан Шор же башка ким болсо да Кыргызстанга келип бизнес кылууга тоскоолдук жок экенин, мындан трагедия кылуунун кереги жоктугун” билдирген.

Илан Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG