Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Жеке ветеринарлар ассоциациясы эпизоотиялык абалга кооптонуусун билдирди

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жеке ветеринарлар ассоциациясынын өкүлү Эрмек Түнгатаров Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу эмес экенин 24-апрелде парламенттеги “Эл үмүтү – Ата Журт” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Ал ылаң дагы эле жүрүп жатканын жана мал-жандык кырылган учурлар бар экенин белгиледи:

“Бул пандемиядай болуп өтө кооптуу келди. Эртерээк аныктап, жеке ветеринарларга сапаттуу вакциналар келсе бул оорулар болбойт эле. Вакциналар сапаттуу болсо жер-жерлерде иштеген жеке ветеринарларга да элдин ишеними болот эле. Буга чейин өкмөт үч түр ылаң боюнча вакцина тараткан. Бирок азыр шарптын жети түрү жана анын ичинен да бөлүнүп кеткендери көп”.

Анын алдында айыл чарба министринин орун басары Рустамжан Балтабаев шарп ылаңына каршы Кыргызстан Орусиядан 4 миллион доза вакцина алып жатканын билдирген. Өкмөт шарпка байланыштуу тынчсызданууга негиз жоктугун, эпизоотиялык абал туруктуу экенин белгилеп келет.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети 6-апрелде өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаалды жакшыртуу чараларын жабык караган. Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков каралып жаткан документте коомчулукка ачык айтылбай турган "купуя", кызматтык пайдалануу үчүн деген белгилер бар экенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG