Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Орусия Украинанын эки аймагын ракета жана дрон менен аткылады

Одесса. Орусиянын соккусуна кабылган имарат.
Одесса. Орусиянын соккусуна кабылган имарат.

Орус аскерлери 24-апрелге караган түнү Украинанын Одесса аймагына сокку урганын, кеминде эки кишинин өмүрү кыйылганын шаардын жана облустун аскердик администрация башчылары Сергей Лысак жана Олег Кипер Telegram каналдарында билдиришти.

Турак жай кварталдары жана соода кемеси бутага алынып, каза тапкан эки адамдан тышкары дагы 14ү жаракат алганы, алардын экөө ооруканага жаткырылганы маалымдалды.

Лысак чабуулдун курмандыгы 75 жаштагы жубайлар болгонун билдирди. Куткаруучулардын маалыматы боюнча, алар эки кабаттуу үйгө сокку урулганда каза болушкан, дагы бир адам жаракат алган. Дагы үч үйгө чабуул коюлганы, ал жерде батирлер талкаланып, өрт чыкканы, алты адам жаракат алганы кабарланды.

Бул жолу орус аскерлери Украинаны эки "Искандер-М" баллистикалык ракетасы жана 107 согуштук дрон менен аткылаганын, эртең мененки саат 8ге карата 96 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады.

Николаев облусунда эртең мененки дрон чабуулунан, сыныктардын түшүүсүнөн 45 жана 68 жаштагы аялдар жабыркап, эки үй зыянга учураганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги жумага караган түнү өлкөнүн төрт аймагында жана аннексияланган Крымда Украинанын 10 учкучсуз учуучу аппараты "кармалып, жок кылынганын" билдирди.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG