Жалал-Абад облусунда 7 320 гектар аянтты зыянкеч чегиртке каптады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы кабарлады.
Аталган мекеме быйыл зыянкечтер эрте пайда болгондуктан адистер 11 530 гектар жайыт аянтын текшерүүдөн өткөрүшкөнүн билдирди.
«Учурда чегирткенин жайылышын алдын алуу максатында химиялык иштетүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Дезинфекциялоо иш-чаралары Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда 5 даана атайын техника менен аткарылууда», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле буга чейин Ош облусунун райондорунда да тиешелүү иштер жүргүзүлгөнү кабарланды.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда үйүрлүү жана үйүрлүү эмес чегирткенин 50дөн ашык түрү байырлайт. Зыянкечтердин жапырт каптоосу ар бир 8-11 жылда бир кайталанып турат.
Кыргызстанда 1980-жылы 570 миң гектар, 1989-жылы 160 миң гектар, 2008-жылы 157 миң гектар жана 2018-жылы 146 миң гектар, 2025-жылы 103 миң гектардан ашык жерди чегиртке каптаган. (КЕ)
Шерине