Бишкектин Биринчи май райондук милициясы 23 жаштагы Г.Р. аттуу жаран жети жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалганын 25-апрелде кабарлады.
Маалыматка караганда, 24-апрелде “102” кызматына Ак-Босого конушунда белгисиз жаран тестиер кызды зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерде шектүүнү жергиликтүү тургундар кармап алышкан.
Шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө абагына камакка алынды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-(зордуктоого аракет жасоо) беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдө балдарга карата кылмыш саны өсүүдө. 2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү зордуктоо. Маалыматка ылайык, 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган. (КЕ)
Шерине