Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Екатеринбург аймагына чабуул койду, шаардын борборундагы «Тринити» көп кабаттуу үй-комплекси зыян тартты. Бул тууралуу Свердлов облусунун губернатору Денис Паслер билдирди. Анын айтымында, алты адам дарыгерге кайрылып, бир аял ооруканага жаткырылды, 50 адам эвакуацияланды. Алардын айрымдары убактылуу пункттарга жайгаштырылды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары комплекстин 25-кабатынан 30-кабатына чейин зыян тартканын жазышты. Тургундар жарылуу эртең мененки саат 7лерде угулганын белгилеп жатышат.
Чабуулдан кийин шаар тургундары мобилдик байланыш начарлап, «кара тизмеге» кирбеген сайттар дагы иштебей калганын билдиришти.
Жергиликтүү сайттар бул Свердлов облусуна жасалган алгачкы дрон чабуулу экенин жазышты.
Украин армиясы ошондой эле Челябинск облусуна сокку урду. Жергиликтүү тургундар металлургия комбинатында жарылуу болгонун кабарлашты.
Орусиянын Коргоо министрлиги өз аймагында жана аннексияланган Крымдында 127 дрон жок кылынганын кабарлады. Екатеринбург, Челябинск, Волгоград, Пермь, Краснодар жана башка шаарлардын аэропортунда учактардын учуп-конушуна убактылуу чектөө киргизилди.