Борбор Азия аймагындагы суу-энергетика абалы талкууланды

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери. 25-апрель, 2026. Бишкек

Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика тармагынын жетекчилери алдыдагы вегетация мезгилинде аймактагы суу-энергетикалык системалардын туруктуу жана макулдашылган режимде иштөөсүн камсыз кылуу маселелерин талкуулады.

25-апрелде Бишкек шаарында өткөн жолугушууда тараптар биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга Өзбекстандын, Казакстандын энергетика министрлери, ал эми Тажикстандын министри видео байланыш аркылуу катышты. Алардан сырткары суу чарба министрлигинин, департаменттин өкүлдөрү болду.

“Жолугушууда аймактагы энергетикалык системалардын өз ара тыгыз байланышы белгиленди, ишенимге негизделген кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даярдык айтылды. Айрыкча үч өлкө, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн төмөндөтпөө максатында координацияланган иш алып барууга даяр экендиктерин белгилешти. Бул багыт аймактык энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуунун негизги факторлорунун бири катары белгиленди», - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Кийинки жолугушуулар май айында Ташкентте жана июнь айында Бишкекте өткөрүлөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын климаттын бузулушуна таасири аз болгону менен анын кесепетин чоң көлөмдө тартып жатканын 22-апрелде Астанада өтүп жаткан Аймактык экологиялык саммитте билдирген . Мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүн суу маселесинде чогуу аракеттенүүгө чакырган. (КЕ)

Дагы караңыз

Украин дрондору Екатеринбургга чабуул койду, жараат алгандар барОрус армиясынын аткылоосунан Днепрде төрт киши каза болдуСурабалдиева Ташиевдин кетишин "мамлекеттик төңкөрүш" аракети менен байланыштырдыКыргызстан–Кытай–Пакистан транспорттук каттамы ачылды