Орусия Украинага 144 дрон менен чабуул койду. Одессанын портуна зыян келтирилди

Дрон чабуулунан кийинки өрт. Одесса. 26-апрель, 2026-жыл

26-апрелге караган түндө орусиялык аскерлер Украинага 144 дрон менен сокку урду, анын 124ү атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрү кабарлады. Бутага Одесса да алынган.

Украин өкмөтүнүн вице-премьери Алексей Кулеба өзүнүн Телеграм каналына жазгандай, соккунун натыйжасында Одессанын портундагы логистикалык инфратүзүм, кампалар, техникалык жабдуулар, жүк сактагычтар, администрациялык имараттар жана жүк ташуучу унаалар жабыркаган. Палау желеги менен жүргөн жарандык кеме да жабыркаганы катталды.

Облустук администрация башчысы Олег Кипер соккунун кесепети тартылган сүрөттү жарыялап, бир адам жабыркаганын маалымдады.

Украинанын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Орусиянын Днепропетровск облусуна соккусунун кесепеттеринин сүрөтүн жарыялады. Ал жакта адамдардан жабыркагандар жок экени айтылды.

Согуш учурунда маалыматтарды көз карандысыз жактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Бишкекте Чернобыл апаатынын 40 жылдыгы эскерилдиТөрөкул Жанузаков. Боштондукка арналган өмүрТрамп катышкан иш-чарадагы ок атуу: Шектүү кармалды Ормуз көйгөйү: Эл аралык энергетикалык кризиске аз калдыбы?Баткенде жубайлардын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө