Президент Садыр Жапаров үй-бүлө мүчөлөрү жана бир туугандары мамлекеттик кызматтарга аралашпай турганын билдирди. Бул тууралуу кыргыз президенти “Кактус медиа” агенттигине курган маегинде айтты. Анын айтымында, “мурдагы президенттердин катасын кайталабаш үчүн” жакындарына мамлекеттик иштерге аралашпоо талабын койгон.
Жапаров уулу Нурдөөлөт айрым жолугушууларда коштоп жүрөрүн, англис тилин жакшы билгени үчүн котормочу катары жардам берерин кошумчалаган.
Садыр Жапаров агасы Сабыр Жапаровдун Кумтөргө тиешеси тууралуу сөздөрдү четке каккан.
“Анын ойлонулбаган жалгыз кадамы Түркияга барып, алтынды кайра иштеткен заводдо алтын кармап сүрөткө түшкөнү болгон. Бул боюнча кеңири маалымат бергем, кайталагым келбейт”, - деп билдирген президент.
Ал үй-бүлө мүчөлөрү бизнес менен алектенип жатканын жана мамлекеттик органдарга тиешеси жоктугун кайталаган.
2022-жылы президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү Инстаграммдагы kg_novosti баракчасы аркылуу тарап, коомчулукта талкууларга жем таштаган. Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде коомчулукта талкуу жараткан сүрөт тууралуу суроого жооп берип, 2021-жылы Түркияда тартылганын айткан. Ал ошол маалда Кумтөрдүн алтынын Лондон биржасында сатууга чек коюлгандыктан, түрк ишкерлери сатып алууга кызыгышканын, ошол себептүү агасы Түркиядагы алтын заводго барып келгенин билдирген.
Жаңы маекте кеп болгон Нурдөөлөт президенттин кичүү уулу. Буга чейин өлкө башчынын уулу жана мурдагы финансы министри Марат Султанов жаңы түзүлгөн “Берекет банк” аттуу жеке банктын негиздөөчүлөрүнөн болушкан. Президент муну ырастап, жаңы банкты ачууну Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао сунуштаганын жана уулун бул банкка негиздөөчү кылууну дал ушул адамдар суранганын билдирген.