Кыргызстандын Энергетика министрлиги электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга жооп берип, айрым дооматтарын четке какты.
Министрликтин басма сөз кызматы 27-апрелде маалымат таратып, буга чейин жеке бөлүштүрүүчү компаниялардын абоненттеринен алардын ишине даттанып, бир нече жолу кайрылуулар түшкөнүн, кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, мамлекеттик компаниялардын тейлөөсүнө өтүүнү каалашканын билдирди.
Мындан тышкары электр энергиясын бөлүштүрүүчү жеке компаниялардын президент Садыр Жапаровго кайрылуусунда айтылган айрым дооматтарды четке какты:
"Жеке компаниялардын "импорттук электр энергиясынын чыгымдарын жабууга мажбурлап жатат" деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Бирдиктүү тариф электр энергиясынын чыныгы наркын, анын ичинде импорттук жеткирүүлөрдү да эске алуу үчүн зарыл. Айрыкча күз-кыш мезгилинде тартыштык жаралып, башка өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууга туура келет. Чыныгы чыгымдарды эске албоо тармакта карыздардын көбөйүшүнө жана каржылоонун жетишсиздигине алып келет", - деп жазылган маалыматта.
Министрлик ошондой эле сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мыйзам чегинде жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылып жатканын, ал чаралар энергетика тармагында көп жылдан бери топтолуп келген маселелерди чечүүгө багытталганын белгилеген.
27-апрелде Кыргызстандагы бир катар электр энергиясын бөлүштүрүүчү жеке компаниялар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Алар энергетика тармагындагы ишкерлердин укугун коргоону өтүнүшүп, Энергетика министрлиги мыйзамдан тыш талаптарды коюп жатканына даттанышкан.
Алар элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн мамлекет менен тыгыз иштеп жаткан ички инвестор экенин, тариф саясатына эч кандай таасири жоктугун, электр энергиясынын баасы жалпыга бирдей экенин, мамлекет тарабынан бекитилгенин белгилешкен.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, электр энергиясын керектөө 2020-жылда 15,4 млрд кВт саат болсо, 2025-жылдын аягында 19,3 млрд кВт саатка чейин жеткен.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар деп эсептелген. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат.
Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат.(ZKo)