Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:06

"Өзөктүк куралдан баш тартса сүйлөшөбүз". Трамп Тегеранга талап койду

АКШ президенти Дональд Трамп "Иран өзөктүк куралдан баш тартууга макул болушу керек, болбосо жолугушуунун мааниси жок” деп билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп "Иран өзөктүк куралдан баш тартууга макул болушу керек, болбосо жолугушуунун мааниси жок” деп билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Тегеран сүйлөшүүнү кааласа "байланышка чыкса болорун", бирок адегенде өзөктүк курал жасоо пландарынан баш тартууга тийиштигин, "болбосо жолугуунун кажети жоктугун" билдирди.

Ал арада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Санкт-Петербургга келди. Ирандын негизги өнөктөшү Орусиянын президенти Владимир Путин менен Аракчинин жолугушуусу 27-апрелге белгиленген. АКШ менен Ирандын Пакистан ортомчу болгон тынчтык сүйлөшүүлөрү азырынча арсар абалда турат.

"Эгер алар сүйлөшүүнү кааласа, келсин же бизге чалса да болот. Билесиңер, бизде телефон, бекем корголгон, өтө жакшы байланыш бар", - деди Трамп 26-апрелде Fox News телеканалына курган маегинде.

Трамп Иран менен сүйлөшүүгө делегация жибербейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

"Макулдашуу кандай түзүлөрүн билишет. Аларда өзөктүк курал болбошу керек, болбосо жолугушуунун кажети жок", - деди Трамп.

АКШ жана Израил Иранды өзөктүк куралды жашырууну жасоого айыптаганына карабай Тегеран өзөктүк программасы жарандык максатта колдонуларын дайыма айтып келген.

Трамптын Тегерандан бомба жасалышы мүмкүн болгон уран байытуу программасын токтотуу жана бул минералдын корун өзүнө өткөрүп берүү талабына Иран көнгөн эмес.

Axios басылмасы 26-апрелде Тегеран пакистандык ортомчулар аркылуу АКШга жаңы сунуштарды жөнөткөнүн, ага ылайык Ормуз кысыгы ачылып, ирандык порттордогу америкалык блокада алынууга тийиш экенин, ал эми өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр кечирээк өтүүгө тийиштигин билдирди. Макалада кырдаалды жакшы билген аты-жөнү жашыруун америкалык чиновникке жана эки булакка шилтеме берилген.

Сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы болбой калды

Алдын ала белгилүү болгондой, сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы Пакистанда дем алышта башталышы керек эле. Бирок Тегеран өкүлдөрү америкалыктар менен жолугууну пландабаганын билдирген соң, Трамп Ак үйдүн атайын чабармандары Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер Исламабадга барбай турганын жарыялаган.

Социалдык түйүндөргө жарыяланган билдирүүдө Трамп ирандык өкүлдөр өлкө ичинде бийликтер менен тил табыша албай жатканын айткан. "Иш сапарларга өтө көп убакыт короп жатат, иш чачтан көп! Андан тышкары "жетекчилигинде" пикир келишпестиктер жана башаламандык өкүм сүрүүдө", - деген ал.

Парламенттин таасирдүү төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен Пакистанда 11-12-апрелде өткөн сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасына катышкан Аракчи Иранга колдоону бекемдеш үчүн дипломатиялык иш сапарларга чыгууда.

Пакистандан кийин Аракчи Оманга барып, жергиликтүү лидерлерди Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден биргеликте акы алууга ынандырууга аракет кылган. Бул кадамга дүйнөнүн калган бөлүгү караманча каршы.

"Эки тараптуу суроолор жана чөлкөмдөгү окуяларга байланыштуу маанилүү сүйлөшүүлөр. Белгилүү болгондой Ормуз кысыгындагы мамлекеттер биздин бардык коңшуларыбыздын пайдасына коопсуздукту камсыздоо ыкмаларына көңүл бурушту", - деп жазган ал X түйүнүнө.

Аракчи андан кийин Орусияга сапар тартып, Путин менен жолугуу үчүн 27-апрелдин таңында Санкт-Петербургга конду. Иран дагы, Орусия дагы Батыштын катаал санцияларына кабылды жана аскердик-саясий бекем алянс түзө алды.

Тегерандын Москвадагы элчиси Казем Жалали социалдык түйүндөргө Аракчи Путин менен жолугарын жазды. Орусиялык расмий өкүлдөр дагы Путин Ирандын башкы дипломатына жолугууну пландап жатканын билдирди.

Жалалинин ырастоосунда, Аракчи "орусиялык расмий адамдар менен ок атууну жана курчуп бараткан кырдаалды токтотуу үчүн жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө байланыштуу консультация алган".

"Аймактык жана эл аралык деңгээлде ич ара аракеттерди координациялоо жана биргелешкен программаларды илгерилетүү сапардын башкы күн тартиби", - деп жазды ал. Ошондой эле Иран менен Орусия Батыш өлкөлөрүнө каршы фронтто бирге экенин кошумчалады.

Ливандагы салгылаштар

Ал арада Израил менен Ливандын ортосундагы элдешүү расмий күчүндө болгону менен ыдырай баштаганы байкалат.

Ливандын расмий өкүлдөрү 26-апрелде Израилдин соккусунан кеминде 14 киши каза таап, 37 адам жарадар болгонун билдиришти. Бул Израил армиясы өзү көзөмөлдөп турган “буфердик аймактан” ары жети шаарчанын тургундарын чыгып кетүүгө чакыргандан кийин болду.

Израил армиясы Иран колдогон "Хезболла" тобун ок атышууну токтотуу келишимин бузганы үчүн айыптап, жооп кайтарыларын билдирди.

Түштүк Ливандын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн "Хезболла" куралдуу тобун жана саясий партиясын АКШ террордук уюм деп тапкан. Европа Биримдиги анын куралдуу канатын кара тизмеге киргизген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG