Түндүк Кореяда Украинадагы согушка катышкан аскерлерге арналган эстелик ачылды

Орус армиясынын катарында Украианага каршы согушка аралашкан түндүк кореялык аскерлер үчүн мемориалдын ачылышында. 27-апрель, 2026-жыл.

26-апрелде Пхеньян шаарында "Чет өлкөдөгү аскердик операциянын баатырларынын согуштагы эрдигине арналган" музей менен мемориалдык комплекс салтанаттуу ачылды. Ага Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышты.

Түндүк Кореяда орус армиясынын катарында Украинага каршы согушкан аскерлерди ушинтип аташат.

Салтанат «Курск облусунун украин куралдуу күчтөрү ээлеп алган бөлүгүн толук бошотуу» окуясына арналган.

Бул салгылашта орус командачылыгы түндүк кореялык аскерлерди өзгөчө жигердүү колдонгон.

Иш-чарага Орусиянын Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин жана коргоо министри Андрей Белоусов да катышты.

Мемориалда бул кагылыштарда курман болгон орус жана түндүк кореялык аскерлердин ысымдары чегилип жазылган.

Владимир Путин Ким Чен Ынга «эстеликти кыска убакытта тургузганы үчүн» расмий ыраазычылык билдирип, аны «эки элдин достугунун жана биримдигинин символу» деп атады.

Түштүк Кореянын чалгын кызматынын (NIS) жана Батыштын атайын кызматтарынын соңку эсебине ылайык, Пхеньян жиберген кеминде эки миң аскер бул согушта курман болгон. Жалпы жоготуулар (курман болгондор жана жаракат алгандар) алты миңге жакын.

2026-жылдын башына карата Орусиянын Курск облусундагы майданга жакын аймакта кеминде 11 миң түндүк кореялык аскер болгон. Анын ичинен 10 миңи жоокерлер, ал эми болжол менен миңдейи инженердик бөлүктөрдүн кызматкерлери экени айтылат.

2024-жылдын 6-августта украин армиясы Орусиянын Курск аймагына кирип барып, анын жарымын өз карамагына алган. Орус күчтөрү айрым райондорду кайтарууга жетишкен, бирок бир нече айыл-кыштак, анын ичинен Суджа районунун борбору украин аскерлеринин көзөмөлүндө бир топко болду.

Зеленский бул операцияны Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү аракети катары түшүндүргөн.

Былтыр апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Курск толугу менен украин армиясынан бошотулганын жарыялаган.

Дагы караңыз

Одессада орус армиясынын соккуларынан 14 киши жабыркадыЭнергетика министрлиги бөлүштүрүүчү компаниялардын кайрылуусуна комментарий бердиАлтынчы кабаттан кулаган кыз ооруканадан чыгарылды