Бишкектин Жал кичи районунда 6-кабаттан кулап, шаардык балдар ооруканасында жаткан кыз бейтапканадан чыгарылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, кыздын абалы канааттандырарлык, ал мындан ары үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринин көзөмөлүндө болот.
4-апрелде кечке жуук Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн 27 жаштагы келин жана эки баласы кулаган. Өзү жана 2025-жылы төрөлгөн ымыркайы ошол жерде жан берген, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилген.
Балдардын клиникалык ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жаткан кыздын мээси жабыркаганын, жаагы сынганын, оң ийини сынып, ордунан жылып кеткенин дарыгерлер билдиришкен. Мындан тышкары өпкөсү жана ички органдары, ооз көңдөйү жабыркаганы айтылган. Наристе дээрлик бир жумадан кийин, 10-апрелде эсине келген.
Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркум келиндин күйөөсүн камакка алган.
Келиндин жакындары ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып келгенин айтышкан, ал эми жолдошунун жакындары андайды байкабаганын билдиришкен. (ZKo)
Шерине