Кыргызстан 2026-жылы коңшу өлкөлөрдөн 4 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков парламенттин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 27-апрелдеги жыйынында айтты.
Анын сөзүнө ылайык, бул жылы өлкө 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө.
“ГЭСтерден 11,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө. Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2,3 млрд кВт саат, чакан ГЭСтер менен кайра жаралуучу энергия булактарынан 2 млрд кВт саат электр жарыгын өндүрөбүз деп пландаштырып жатабыз”, - деди ал.
Өмүрбек Жеңишбеков Кыргызстан электр энергиясын так кайсыл мамлекеттерден сатып аларын тактаган жок.
Буга чейин белгилүү болгондой Кыргызстанда акыркы беш жылда электр энергиясын керектөө 25 пайыздан ашты. Расмий статистика боюнча, электр энергиясын керектөө 2020-жылда 15,4 млрд кВт саат болсо, 2025-жылдын аягында 19,3 млрд кВт саатка чейин жеткен.
Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)
Шерине