Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:53

ИИМ коомдук жайларда кайыр сурагандар жоопко тартыларын билдирди

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кыргызстандагы коомдук жайлардагы тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү үчүн аларга айып пул салуу, чет жактан келген кайырчыларды мекенине депортациялоо жөнүндө сунушунун негизинде бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, 23-апрелде кол коюлду.

Мыйзамдар менен жолдун автоунаа өткөн бөлүгүндө тилемчилик кылууга, коомдук жайларда кайырчылык кылууга тыюу салынат. Аны бузгандар 20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартылат же үч суткага чейин камакка алынат.

Ошондой эле улгайган жарандарды, кош бойлуу аялдарды, психикалык жактан жабыркаган адамдарды, майыптыгы барларды тилемчиликке тарткандарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып пул салынат.

Мындан тышкары Кыргызстандын аймагында тилемчилик кылган чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн чыгарылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ИИМ бул мыйзам долбоору жакыр, муктаж жарандарды жазалоого эмес, коомдук тартипти бузган жана элдин коопсуздугуна коркунуч жараткан аракеттерди токтотууга багытталганын белгилеген.

Кыргызстанда базарларда, көчөлөрдө, мечиттердин жанында, автоунаа жүргөн жолдордо жаш балдар, балалуу аялдар, улгайган адамдар жана башка тилемчилер көбөйүп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып келген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG