Ал арада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи орус президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн Санкт-Петербургга барды. Ал эми Израил армиясы Ливанга абадан сокку урууну улантууда. 26-апрелде чабуулдарлан кеминде 14 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды.
Трамп Иран менен сүйлөшүүгө делегация жибербейт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп мындан ары Иран менен сүйлөшүүгө делегация жөнөтпөй турганын билдирип, эгер Тегеран сүйлөшүүнү кааласа, телефон аркылуу же түз деле «кайрылса болот» деп айтты.