Конституциялык соттун мурунку судьясы, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, акталган Клара Сооронкулова мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушевди сотко бере турганын "Азаттыкка" ырастады. Ал экс-баш прокурор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарга карата күнөөсүздүк презумпциясынын принциптерин бузган деген негизде сотко кайрыларын кошумчалады.
"Курманкул Зулушев бизге айып угузула электе Жогорку Кеңешке келип, "буларды кемпирабадчылар дебегиле, булар кылмышкер" деп айткан. Ушундай айткан сөзү бар. Конституция мага "эгерде ушул принцип бузулган болсо моралдык жактан да, материалдык жактан да келтирилген залал боюнча сотко кайрылса болот" деп укук берип жатат. Ошонун негизинде мен азыр доо арыз даядап, сотко кайрылайын деп жатам. Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште көтөргөн маселеси менен ушул принциптин бузулганы боюнча", - деди ал.
Сооронкулованын билдирүүсү боюнча Зулушевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Курманкул Зулушев 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин баш прокурор болуп дайындалган.
Клара Сооронкулова 2022-жылы октябрда отуздай адам менен кошо Кемпир-Абад иши боюнча шектелип, кармалган. Тергөө абагында жаткан кезинде ден соолугу начарлап, операция болгон. Оор операциядан кийин кайра тергөө абагына которулган. Алты ай тергөө абагында жаткандан кийин үй камагына чыккан.
Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналып 2022-жылы октябрда кармалгандардын эң азы жарым жыл, көбү дээрлик 2 жыл абакта отурду. Прокуратура аларды 20 жылга камоону сунуштаган.
Кемпир-Абад ишин караган Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 14-июнунда бул иш боюнча айыпталган 27 кишинин 22син актаган. Быйыл 27-мартта Бишкек шаардык соту райондук инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту иши өзүнчө бөлүнгөн дагы үч адамды актаган.(TAb/ZKo)