Британия кыргыз аткаминерлерине санкция салабы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Улуу Британиянын Лорддор палатасы Кыргызстандын башкы прокурору баштаган үч адамга санкция киргизүүнү сунуштады. Анда башкы прокурор Максат Асаналиевдин, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин жана Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы Марат Пирназаровдун ысымы аталган.