Иранда интернет өчүрүлгөнүнө 60 күн болду

Тегеран, 13-апрель, 2026-жыл. Иллюстрация

NetBlocks мониторинг тобу Ирандын интернетти өчүргөнүнө 60 күн болгонун билдирди.

“Туура эки ай мурун, 28-февралда Ирандын бийлиги глобалдык желени бөгөттөгөндө өлкө санарип караңгылыгына баткан”, - деп жазды уюм Х социалдык тармагына.

Интернет АКШ менен Израил Ислам жумуриятына каршы чабуул баштаганда кесилип, Тегеран аны согуш абалы менен түшүндүргөн.

Элдик толкундоолор маалында, январда да интернет өчүрүлгөн. Бирок эксперттер андан айрымаланып, Иран көзөмөлдөө жолдорун бекемдегенин, “ак тизмени” түзгөнүн белгилешет.

Айрым адамдар, арасында аткаминерлер, тандалма мекемелер, компаниялар дүйнөлүк желени колдоно алышат.

Жакында бул система расмийлешип, эми Internet Pro схемасына ылайык, ишкерлер жана изилдөөчү, окумуштуулар акы төлөп интернетти буга чейинкидей эле пайдаланса болот.

Ок атышуу убактылуу токтогон 8-апрелден кийин катардагы ирандыктардын айрымдары интернет эмне үчүн калыбына келтирилбей жатат деген маселени козгошууда.

Дүйнөлүк желенин бөгөттөлүшү дигиталдык жана жалпы экономикага да миллиарддаган доллар зыян алып келди.

Дагы караңыз

Депутат Бекешев паспорт же башка документ алуу эселеп кымбаттаганын айттыИзраилдин президенти Ицхак Герцог Астанага бардыУкраинанын Запорожье, Сумы, Чернигов облустарына сокку урулду